Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
биринчи кезексиз сессиясы
2017-жылдын 29-марты № 3
“Кыз-Көл айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыз-Көл айылындагы №79 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Ж.Күчүкбаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыз-Көл айылындагы №79 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин айланасынан спорт зал курууга 0.05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап көрсөтүп берүү жагы жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн
3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы мектептин мугалими Ж.Күчүкбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Кушбаковго тапшырылсын.
Төрага | М.Супатаев |