Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
биринчи кезексиз сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 1/1
“Ал-Көйнөк участкасынан жогору карай Көк-Арт дарыясынын жээгинен 4.0 га жер аянтын ижарагага берүү жөнүндө”
Жеке ишкер Одушев Урматбек Суюнбаевичтин Кыз-Көл айыл өкмөтүнө таандык Ал-Көйнөк участкасынан жогору карай Көк-Арт дарыясынын жээгинен 4.0 га жер аянтын ижарага алуу жөнүндөгү кайрылган арызын талкуулап, Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жеке ишкер Одушев Урматбек Суюнбаевичке Кыз-Көл айыл өкмөтүнө таандык Ал-Көйнөк участкасынан жогору карай Көк-Арт дарыясынын жээгинен 4.0 га жер аянтын тазалап туруу жана дамба коопсуздугун сактап туруу учун 5 (беш )жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Жер аянтынын ижара акысы 1 га жерине 200 (эки жуз )сомдон бекитилсин.
3. Жер аянтын тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси
А.Орозалиевке жүктөлсүн.
3. Дамба тосмолорун сактоого көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам ченемдүү иш алып баруу жагы жеке ишкер Одушев Урматбек Суюнбаевичке милдеттендирилсин.
4. Ажыратылып берилген жер аянтынын убактылуу пайдаланууга укук берүүчү юридикалык докуметтерин даярдап берүү Сузак райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
Төрага | М.Супатаев |