Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
биринчи кезексиз сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 3
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы Ак-Талаа участкасына мечит куруу жөнүндө”
Ак-Талаа участкасынын тургуну Ы.Турдукуловдун жазган арызы менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы Ак-Талаа участкасынын тургуну Турдукулов Ырысбек өзүнүн менчик жеринен өзүнүн каалосу менен берген 0.10 га жер аянты айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана берилген жерге мечит куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Берилген жер аянтын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.
Төрага | М.Супатаев |