Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-декабры № 7/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 04.12.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каты: Көк-Жаңгак шаарынын Ломоносов көчөсүнүн 2018-жылдын эсебинен долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү грант эсебинен 2750,0 мин сом (эки миллион жети жүз элүү) долбоордун негизинде карала турган жана жергиликтүү бюджетттен, жана жергиликтүү калктын жардамыныны негизинде шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү калктын жардамынын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 480,0 миң сом
(Төрт жүз сексен миң сом) каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |