Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 6/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 17.11.2017-жылдагы №1-15/173 кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз VI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын аксакалдар сотунун курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Сатывалдиев Бакытбек Эркимбаевич - Көк-Жаңгак шаарынын «Көлмө»
кварталынын комитетинин төрагасы;
2) Алыбаев Нурбек Турдалиевич - Көк-Жаңгак шаарынын «Спутник»
кварталынын тургуну;
3) Кошмуратов Аскарбек - Көк-Жаңгак шаарынын «Борбор»
кварталынын тургуну;
4) Карабаев Мамат Борубаевич - Көк-Жаңгак шаарынын
23-кварталынын тургуну;
5) Орозокулов Мирзабек - Көк-Жаңгак шаарынын «Зона»
кварталынын тургуну.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |