Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 63/24
Жазы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2-жарым жылдыкка милдеттери жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы айыл өкмөттүн башчысы Д.Дыйканбаеванын “Жазы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2-жарым жылдыкка милдеттери жөнүндө” билдирүүсүн угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2-жылдыкка милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Д.Дыйканбаева берген маалымат көнүлгө алынсын.
2. Милдеттендирилсин Жазы айыл өкмөтүнө:
- Чарба жүргүзүүчү субьектерди тактап, ишмердиктерин терен иликтеп, алынуучу салыктарды бюджетке толук чегерүү менен салыктарды жыйноону көлөмүн көбөйтүү.
- Жайыт комитетин ишке көзөмөлдүк кылуу менен жайыт жерлери эфективдүү пайдалануу жана ижара акыларын толук топтоону камсыз кылууга жетишүү.
- Участкалык инспектор, жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирдикте эл арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулука каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу, диний экстремистик көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |