ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезексиз II-сессия
2017-жылдын 23-ноябры № 1
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Авазов Салайдин Абдивалиевич Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелинсин.
3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына ушул токтомду Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом кабыл алган учурдан күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |