Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин V сессиясы
2017-жылдын 08- сентябры № 2
Республикалык бюджеттен кошумча берилген 600000 (алты жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты төмөнкү жумуштарды аткарууга бөлүнсүн:
Ленин айылындагы маданият үйүнөотургучтарды сатып алууга – 300 000 (үч жүз миң) сом;
Маданият үйүнүн эшик терезелерин алмаштырууга жана электр счетчик сатып алууга – 75 000 (жетимиш беш миң) сом;
Орто-Сай айылындагы таза-суу линиясын бүткөрүүгө – 100 000 (жүз миң) сом;
Ленин айылындагы №23 ҮБДТ рентген кабинетине жылытуу системасын курууга – 30 000 (отуз миң) сом;
Жыгач-Коргон айылындагы Р.Сулайманова көчөсүндөгү электр мамычаларын жылдырып орнотуу үчүн – 70 000 (жетимиш миң) сом;
Ленин айылындагы эс алуу паркына Wi-Fi киргизүү (ай сайын төлөмү менен) – 10 000 (он миң) сом жана электрондук маалымат тактасы үчүн 15 000 (он беш миң) сом болуп берүүнү сунуштады.
2. Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |