Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 1
Жардамга муктаж үй-бүлөгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы айылдын тургуну Солпиева Ракыянын баласы Байызов Маликтин бөйрөк оорусуна кабылып акыбалы оор экендигин билдирип жана ага дарыланууга акча каражатынан жардам сурап жазган арызын карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айылынын тургуну Солпиева Ракыянын уулу Байызов Маликтин дарылануусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп камсыздоо жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |