Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 14-июлу № 1
Жол кыймылынын белгилерин коюу жөнүндө
1. Кең-Арал айыл аймагына караштуу А.Арыстанов орто мектебинин жана айылдын кбатыш тарабындагы башталгыч мектепке өтүүчу жолдорго жол кыймылынын белгилерин коюу боюнча айылдын тургундарынын 2017-жылдын 12-июлундагы жыйындын протоколу (тиркелет) эске алынсын.
2. Талас обулустук өнүктүрүү фондусунан Кең-Арал айыл аймагына караштуу А.Арыстанов орто мектебинин жана айылдын күн батыш тарабындагы башталгыч мектепке өтүүчү жолдорго жол белгилерин коюу боюнча 50 000 (элүү миң) сомдук долбоорду колдоп берүү жагы сунушталсын.
3. Бул долбоордун тиешлүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |