Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 65
Ороз уулу Досаалы атындагы спорт залына жылыткыч( калорофил) алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
М.Сейталиев орто мектебиндеги Ороз уулу Досаалы атындагы спорт залына жылыткыч( калорофил) алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгүайтылган сунуштарды угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиев орто мектебиндеги Ороз уулу Досаалы атындагы спорт залына жылыткыч( калорофил) алуу үчүн керектелүүчү 80 миң акча каржатынын 36800( отуз алты миң сегиз жүз сом) акча каражаты 2016-жылдын кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Арал айылындагы Үмөт Молдо атындагы бала бакчага керектүү жабдууларды алуу үчүн республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү эсебинен Арал айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 1000,0(бир миллион) сом акча каржатынан тендерге берилгенден кийинки үнөмдөлгөн акча каражат эсебинен М.Сейталиев орто мектебиндеги Ороз уулу Досаалы атындагы спорт залына жылыткыч( калорофил) алуу үчүн жетишпеген 24100(жыйырма төрт миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Найзабеков |