Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 65/24
Жээренчи айылынын чек арасынан “Өзгөн-Зергер” маршруттук жолуна Зергер айылдык Кеңешинин чек арасына чейин коомдук ишмер Абдужапар Тагаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы Жээренчи айылынын жергиликтүү жамаатынын 2016-жылдын 15.05. Жээренчи айылынын борбордук “Өзгөн-Зергер” маршрутундагы көчөгө коомдук ишмер Тагаев Абдужапардын ысмын ыйгаруу жөнүндө протоколун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээренчи айылынын “Өзгөн-Зергер” маршрутундагы борбордук көчөгө айылдын чек арасынан Зергер айылдык округунун чек арасына чейин коомдук ишмер Тагаев Абдужапардын ысмы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чындоо, кылмыштуулука каршы күрөшү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |