Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 7/2
“Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2017--жылга карата бюджети жана калкты таза суу менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүү жөнүндө
“Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2017--жылга карата бюджети жана калкты таза суу менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүү жөнүндө ИСКАКБнын төрагасы Н.Эсеналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 “Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2017-жылга карата түзүлгөн бюджети Киреше бөлүгү 796861,00 сом Чыгаша бөлүгү 796861,00 сом өлчөмүндө бекитилсин
2. “Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2016-жылдын бюджетинин аткарылышында кемчиликтер аныкталгандыктан укук коргоо органдарына текшертүүгө сунушталсын
3. “Мүрөк-Булак–Датка” ИСКАКБсынын ревизиондук комиссиясынын курамын кайра шайлоо жагы каралсын.
4. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-февраль 2016-ж кезектеги XX -сессиясынын “Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары, 2016-жылга карата бюджети жана калкты таза суу менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүү акысы жөнүндө” №20/ 5 ТОКТОМУнун 3 пунктунун 3 бөлүмчөсү жеке турак жайга таза суу түтүгүн киргизүү үчүн бир жолку төлөчү акы (уруксат алуу) - 500 сом болуп өзгөртүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү экономика бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | Р.Эсекеев |