Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 10-ноябры № 8/1
Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилүүчү түрткү берүүчү грант менен Комсомол айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Кочкор райондук архитектура курулуш башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө А.Нурманбетовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 2922505 (эки миллион тогуз жүз жыйырма эки миң беш жүз беш сом) сомдук сметалык долбоору жазалганы белгиленсин.
2. Комсомол айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Финансы министрлиги тарабынан берилүүчү гранттан суралып жаткан 2922505 (эки миллион тогуз жүз жыйырма эки миң беш жүз беш сом) сомдун 7% ти 205000 (эки жүз беш миң ) сом Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошбек уулу Белекбекке жана долбоордун лидери Нурманбетов Азатка жүктөлсүн
Төрага | Р.Эсекеев |