Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 10-ноябры № 8/2
«К.Мамбеталиев» орто мектебинин жана «С.Эсеналиев» бала бакчасынын ремонт иштеринде бузулуп алынган БУ материалдары жөнүндө
«К.Мамбеталиев» орто мектебинин жана «С.Эсеналиев» бала бакчасынын ремонт иштеринде бузулуп алынган БУ болгон каалга , терезелерин баалап мектептин, бала бакчанын ички керектүү болгон чыгымдарына жумшоо максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «К.Мамбеталиев» орто мектебинин жана «С.Эсеналиев» бала бакчасынын ремонт иштеринде бузулуп алынган БУ болгон каалга, терезелерин комиссия тарабынан бааланып жана сатылып ички керектүү болгон чыгымдарына жумшалсын.
2. Бузулуп алынган БУ болгон каалга, терезелердин сатылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М.Исраиловага тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |