Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
2017-жылдын 22-ноябры № 9/2
Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетине жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетине жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Т.Ниязалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагнын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жылга карата бюджети Киреше бөлүгү 439240 сом Чыгаша бөлүгү 439240 сом өлчөмүндө өзгөртүлүп бекитилсин
2. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 439240 сом чыгаша бөлүгү 439240 сом болуп өзгөртүлүп белгиленсин
3. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 439240 сом чыгаша бөлүгү 439240 сом болуп өзгөртүлүп белгиленсин
4. Талаа-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын киреше бөлүгүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Эсекеев |