ТоктомКүчүндө

Талаа-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 9/3 «Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү типтүү келишими жөнүндө» токтому

Редакция22.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы

 

2017-жылдын 22-ноябры № 9/3

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү типтүү келишими жөнүндө

Кыргыз Республикасынын « Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык айыл аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Талаа-Булак айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин типтүү келишими бекитилсин.  

 

Төрага

Р.Эсекеев