Редакцияот 16.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы

 

2017-жылдын 27-декабры № 11/1

Талаа-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 09.01.2018-ж “Талаа-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" №3 буйругун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган материалдарынын карап чыгып Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.

2. Талаа-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын аяк оона айынын 13-дөгү №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. .

 

Төрага

Р.Эсекеев