Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленинполь айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын2-сессиясы
2012-жылдын 14-декабры № 2
« Бакай-Ата айылдык аймагына караштуу башкы суу алуучу ишканасынын кароолчусу Жанболот уулу Айбекке чара коруу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин сессиясы Бакай-Ата айылдык аймагына караштуу башкы суу алуучу ишканасынын кароолчусу Жанболот уулу Айбекке карата жүктөлгөн милдеттерин так жана өз убагында аткарбагандыгын аныктап чыгып, мындан ары ишине жасаган мамилесин өзгөртүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылдык аймагына караштуу башкы суу алуучу ишканасынын кароолчусу Жанболот уулу Айбекке кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилсин.
2. Бир ай мөөнөттүн ичинде кесилген 15 теректин акысына, таза суу бөлүмүнүн тегерегин курчаган тор зымды ондоп-түзөө иштери Жанболот уулу Айбекке милдеттендирилсин.
3. Жанболот уулу Айбекке мындан ары өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбагандыгы аныкталса ага катуу чара кору жагы кийинки сессияларда каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Ширдаков |