Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 1
“Салык тармагында мамлекеттик ыйгарым укуктарды Акназаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди кароо жөнүндө”
Акназаров айыл Кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги кезексиз 6-сессиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык инспекциясы менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндо” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилике алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык инспекциясы менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин .
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттары которулгандан баштап аткарууга алынсын.
3. Бул келишимди аткаруу айыл өкмөт башчысы У.Тынысовго жуктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |