Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 4
“ Акназаров айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 6-сессиясы бөлүм башчы Т.Жанкорозованын жайыт комитетинин 2017-жылга бюджети тууралуу маалыматын угуп ,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджети кошумча ,киреше,чыгашасы менен 197800 сом суммасында баланс менен бекитилсин./тиркеме тиркелет/.
2. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин жетекчиси М.Жакышевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |