Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 68/24
Жээренчи айылынын тургуну Салимов Исмаилдын өзү өздөштүргөн 1,30га жерин жер салыктан бошотуу жөнүндө арызы боюнча
Жээренчи айылынын тургуну Салимов Исмаил айылдык Кеңештин айыл чарба жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына өзү өздөштүргөн 1,30га жер аянтын күрдүүлүгү калыбына келгенге чейин жер салыгынан бошотуу боюнча арыз менен кайрылган.Туруктуу комиссия айыл өкмөткө маселени карап чыгууну сунуштаган, өзүнүн корутундусунда айыл өкмөт төмөндөгүлөрдү белгилейт.Салимов Исмаил Жазы айыл өкмөтү тарабынан 2004-жылдын 06.05. №244 токтом менен Кара-Дыйкан айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан айыл чарбасына пайдаланууга ынгайсыз 1,30га жер аянты айыл чарба багытында өздөштүрүүгө берилген.Ал жер Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 07.10. №53 буйругунун негизинде түзүлгөн курамы 9 адамдан турган комиссия тарабынан текшерилип 2010-жылдын 18 октябрында өздөштүрүлгөн 1,30га участкасын кабыл алуу жөнүндө акт түзүлүп, жер толук өздөштүрүп бүткөндүгүнө байланыштуу өздөштүргөн жер катары кабыл алынып акт түзүлгөн.Ошондой эле Жазы айыл өкмөтү тарабынан 1,30га жер аянтын өздөштүрүлүп бүткөндүгүнө байланыштуу 2010-жылдын 2 ноябрындагы №85 токтому менен жеке менчик укугу берилип, Өзгөн райондук кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо башкармасы тарабынан 2012-жылдын 24.09. катталып жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген, жер участогунун максаттык багыты айыл чарба продукциясын өндүрүү деп белгиленген.Өзгөн райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2016-жылдын 12.02. №67 билдирүүсүнүн негизинде 1,30га жер аянты айыл чарба багытында турат, түрү боюнча сугат айдоо-деп белгиленген.Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы айыл өкмөттүн корутундусун угуп, талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээренчи айылынын тургуну Салимов Исмаилдын өздөштүргөн 1,30га жерин Кыргыз Республикасынын Салык жөнүндө кодексинин 347 беренесинин 7 пунктунун негизинде салыктан бошотуу жөнүндө арызы негизсиз деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 334 берененин 1 пунктуна 335 берененин 1 пуктуна ылайык Салимов Исмаил жер салыгын 2010-жылдан баштап төгүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика, комуналдык, менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |