Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 8
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 6-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Мамыт уулу Абдырахман атындагы Тащ-Кудук орто мектебинин алдындагы жетилген теректерди кесүүгө макулдук берилсин.
2. Мамыт уулу Абдырахман атындагы орто мектептин директору Беркиналиев А КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |