Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 10
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 6-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Токтогон Музуралиев атындагы толук эмес орто мектебинин башталгыч класстары окуган корпусту бала бакча үчүн өткөрүп берилсин жана Урмарал айылына балдар бакчасы ачылсын.
2. Бала бакча ачуу үчүн иш кагаздарын даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Ачылган балдар бакчасынын штаттык курамы жана иштөөчүлөрүнүн эмгек маянасын чечип берүү жагы Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Дооронбековдон суралсын.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |