Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 12
“Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги кезексиз 6 - сессиясында айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин социалдык тармагынан Кызыл-Октябрь айылынан тоголок жетим А.Күмүшбековго 5000 (беш мин) сом, Маданият айылынан аз камсыз үй-бүлө К.Жарманбетовго 5000 (беш миң ),Урмарал айылынан А.Көчөрбаевге 5000 (беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын алуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн соц.адиси Б.Акылбековага милдеттендирилсин.
3. Бөлүм башчы Т.Жанкорозова акча каражатын бөлүп берсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комитетттин төрагасы А.Момунтаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган кундон баштап кучуно кирет.
Төрага | Р.Рысматов |