Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 5
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысын 2015-жылдагы шайлоо мезгилинде иш убактысынан ашыкча иштегендиги үчүн сый акы катары бир аклат эмгек акы менен сыйлоо жөнүндө
2015-жылдын 04-октябрь күнү боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Депутаттарды шайлоо биометрикалык маалымат аркалуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу иш убактысынан ашыкча иштегендиги үчүн сый акы катары бир аклат эмгек акы төлөп берүүнү сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф.Джумабекованын кайрылуусу жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 05-ноябрындагы №02-1/1143сандуу билдирүүсү эске алынсын.
2. 04.10.2015-жылдагы КР Жогорку Кеңешинин Депутаттарын шайлоо тынч жана сапаттуу өткөндүгүнө байланыштуу, Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф.Джумабекованын шайлоо өткөрүүдөгү эң түмөн түйшүктү жараткан шайлоочулардын тизмесин биометрикалык маалымат аркалуу тактоодогу иш убактысынан ашыкча иштегендигин эске алып шайлоонун жыйынтыгы менен сый акы катары бир аклат өлчөмүндөгү эмгек акы айыл Өкмөттүн жылдын жыйынтыгында топтолгон ашыкча эмгек акысынын (за счет экономии) эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |