Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 15
“ Акназаров айыл өкмөтүнө логистикалык борбор куруу долбоору жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 6-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Акназаров айыл өкмөтүнө логистикалык борбор куруу долбоору жөнүндө 19-декабрь 2016-жылдагы коомдук угуу жыйынын протоколу (тиркелет) эске алынсын.
2. Талас өнүктүрүу фондунан Акназаров айыл өкмөтүнүн логистикалык борбор куруу долбооруна,колдоо көрсөтүу жагы суралсын. Суралуучу сумма 8548050(сегиз миллион беш жуз кырк сегиз миң элүү) сом.
3. Жергиликтүү бюджеттен 57056(элүү жети миң элүү алты) сом акча каражаты Акназаров айыл өкмөтүнө логистикалык борбор куруу долбооруна салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Бул долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөт башчысы У.Тынысовго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Рысматов |