Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 6
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №47 А.Ташиев мектебине 3 даана аристон алып берүү жөнүндө
2015-2016-жылдарга кышкы мезгил үчүн №47 А.Ташиев мектебинин директору Р.Ырыскулованын окуу бөлмөлөрүн жылытуу максатында 3 даана аристон алып берүү үчүн жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №47 А.Ташиев мектебинин директору Р.Ырыскулованын 2015-жылдын 03-декабрындагы кириш № 90 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 2015-2016-жылдарга кышкы мезгил үчүн №47 А.Ташиев мектебинин окуу бөлмөлөрүн жылытуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 даана аристон алынып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн №47 А.Ташиев мектебинин жылытуу системасына 3 даана аристон алып берүүгө керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |