Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2017-жылдын 02-ноябры № 42
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-кварталынын бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылына жаныдан ачылган Нурпериште балдар бакчасына инвентар алууга жана жайыт комитетинин техника алуу боюнча муктаждыгын чечүү макатында айылдык Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин VI -чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-кварталынын бюджетине 2215-статьясындагы ар турдуу кызмат көрсөтүүлөргө каралган 401,5 миң сомду,3111-статьясындагы имараттар жана курулуштардан 495,4 мин сомду жана 3212-статьясындагы машиналар жана камсыз кылуулардан 48,1 мин сомду бардыгы болуп 945 миң сом акча каражаты 2222-ар турдуусатып алуулар статьясына жылдырылсын.
2. 2215-статьясынан 945 миң сом акча каражаты жаныдан бүткөн Бужум айылындагы Нурпериште балдар бакчасына жумшалсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Эргешовага тапшырылсын.
Төрага | И.Тилеков |