Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-декабры №29/7-3
Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ” 06.03.2013-жылы №91 мыйзамына Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 02.12.2014-жылы №694 “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ жобосун бекитүү боюнча” токтомуна ылайык Чолпон-Ата шаардык мэриясынын ищ кагазын карап, чыгып талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагында бодо малдарды идентификациялоо учурунда бодо малдын эки кулагына бирка тагуу эмгек акысы 30 сом өлчөмүндө белгиленсин жана мал ээлери тарабынан төлөнүп берилсин.
2. Ири мүйүздүү малга салына турган бирканын баасы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитиле турган баанын негизинде мал ээлеринин эсебинен акча каражатын алуу жүргүзүлсүн.
3. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына мыйзам чегинде иш-чара өнөктүгүн тийиштүү деңгээлде алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 29.07.2016-жылдын №28/31-4 токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Сарбагышев |