Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 7
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Келечек, Алтын-Уя жана Белек балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан төлөнөнүүчү взносун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнү аймагындагы “Келечек”, “Алтын Уя”, жана Белек” бала бакчалардын жетекчилеринин 2015-жылдын 03-декабрдагы № 89 сандуу кайрылуулары эске алынсын.
2. Ай сайын бир балага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү 360 (үч жүз алтымыш)сом акча каражаты 2016-жылдын январь айынан баштап 400(төрт жүз)сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтом менен ата-энелерди толук тааныштыруу жана ата-энелер взносу токтомдун негизинде жыйноо бала бакчалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү ,маданият, жаштар саясаты, дене-тарбия жана спорт, экология, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Толубаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |