Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры №64
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик башкаруу” бөлүгүнүн (аппарат) 2017-жылдын IV кварталына каралган 2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинен- 200,0 миң сом, “билим берүү бөлүгүнүн” (орто мектептер) 2017-жылдын IV кварталына 2222- “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинен- 200,0 миң сом, билим берүү бөлүгүнүн (балдар бакчасы) 2017-жылдын IV кварталына каралган 2222- “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинен 200,0 миң сом кыскартылып, “Мамлекеттик башкаруу” бөлүгүнүн (аппарат) 2215- “дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” беренесине 400,0 миң сом, 3112- “Машиналар жана жабдуулар” беренесине – 200, 0 миң сом жылдырылсын.
2. Акча каражатынын сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Шайдуллаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Пирматов |