Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезексиз XIХ сессиясы
2017-жылдын 25-октябры №65
Баткен районунун ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн, жаштар уюмунун сунуштарынын негизинде жаштарды моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айылынын тургуну М.Кадыр орто мектебинин дене тарбия мугалими Эгембердиев Бурхан Омуровичти жана Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын мүчөсү жана мыкты оюнчусу Мусаев Жамалидин Алимовичти Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушу, Самаркандек айыл өкмөтүнүн жаштар уюмунун 2017-жылдын 20-октябрындагы жыйынынын №2-протоколу колдоого алынсын .
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
А.Пирматов |