Загрузка документа…
КАРА–КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу №19/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде жана балдар бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге жана балдар бакчаларына келген тамак – аштын сапаты жөнүндөгу жана кайсыл жерден алынгандыгы тастыкталган документтери , протоколдору ачык көрсөтүлүп жазылсын жана окуучуларга , балдар бакчаларына алынып келинген булочка , печенье , май , сут жана башка тамак- аш азыктарынын сапаты жөнүндө документти толуктоо жагы мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин .
2. Мектеп директорлору жана балдар бакчалардын башчылары :
- ата – энелер комитеттери менен биргеликте мектептерге жана балдар бакчаларына беруу учун алынып келинген азык – тулуктордун проба алып коюуну уюштурушсун жана сапатсыз алынып келинген азык – тулуктор үчүн өздөрүнө тагылган ыйгарым укуктардын чегинде кескин чараларды көрүшсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык , азык – тулук , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( торага Ж. Ажиев) жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага |
К. Асанов |