Загрузка документа…
КАРА–КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он тогузунчу сессиясынын ( У- чакырылыш) жыйналышы
2016-жылдын 15-августу №19/2
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016- жылга бекитилген бюджетинин 2016- жылдын 1- жарым жылдыгынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016- жылга бекитилген бюджетинин 2016- жылдын 1- жарым жыолдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы К. Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016- жылга бекитилген бюджетинин 2016 - жылдын 1- жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы
К.Ибраимовдун берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 1- жарым жылдыктын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 4154,6 миң сомго , чыгаша болугу 3364,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы ( О. Бегимкулов ) , Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы ( К. Ибраимов ) 2016- жылдагы бюджетинин 2- жарым жылдыкта статьялар боюнча толук аткарылышына жетишүүсү талап кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага У.Амиракулов ) жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага |
К. Асанов |