Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 1
Жайыттарды жамааттык башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы Оро айылдык аймагынын жайыттарды башкаруу планынын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорунун алкагында жайыт пайдалануучулар бирикмесине керектелүүчү жайыттардын жамааттык башкаруу планы бекитилсин.(план тиркелет)
2. АРИСтин долбоорунун алкагында жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан инвестициялык жана преспективдүүлүк планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин башчысы Ж.Райымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |