Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 1
Эл депутаттарынын Оро айылдык Кеңешинин Х - чакырылышынын кезектеги У111- сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөмгө түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017 – жылдын бюджетине ОсОО “Глобал Ширальджин” компаниясынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөмгө түшкөн акча каражаты 706375,30 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен 95000 сом акча каражаты бөлүнсүн:
Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө;
2215 статьясына – 155000 сом
Билим берүү бөлүмүнө:
2221 статьясына – 40000 сом
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |