Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-марты № 5
«Оро айыл Өкмөтүнүн 2014 –жылга бюджетин жана 2015 -2016-жылдарга болжолу жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 12-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн 2014- жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Оро айыл Өкмөтүнүн 2014 -жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 5142,4 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше булактары, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
1. Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы. - 559,3
2. Короо жай (огород) жер салыгы - 150,0
3. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - 25,0
4. Транспорт ээлеринен алынган салык -160,0
5. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык -115,0
6. Кыймылсыз мүлккө алынган салык -3,5
7. Сатыктан түшкөн салык -15,0
8. Иш берүүчүлөрдөн алуучу салык -730,0 9. КБФ ижара акысы - 107,0
10. Мамлекеттик алым - 17,0
11. Админстративдик штраф -1,0
12. Теңдөөчү грант -3259,6
Жыйынтыгы: 5142,4 миң. сом.
Чыгашалар 5142,4 миң сом өлчөмүндөгү төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин
1. Башкаруу аппаратына: 2755,5
2. Билим берүү бөлүмүнө: 933,5
3. Социалдык камсыздоо: 124,0
4. Маданият бөлүмүнө: 349,5
5. ЖКХ 979,7
Жыйынтыгы: 5142,4 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015–жылга бюджет божомолунун жалпы суммасы 5154,0 миң сом, анын ичинен теңдөөчү грант 3261,2миң сом, 2016-жылга бюджет божомолунун жалпы суммасы 5158,6 миң сом, анын ичинен теңдөөчү грант 3265,8 миң сом суммасында белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджетти колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан бөлүнгөн тендештирүү гранттары биринчи кезекте коргоодогу статьяларды (айлык акы, соц фонд жана коммуналдык чыгымдарды, байланыш чыгымдарды) жабууга жумшалсын.
4. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсо, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык кеңештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
5. 2014-жылдын 1-январынан айылдык бюджеттин накталай кассалык акча жүргүзүү көлөмү 5,0миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу финансы экономикалык болумунун сунушунун негизинде айылдык кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
7. Бакай- Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 1/ У буйругунун негизинде бюджеттен өзгөчө кырдаалдарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн 120,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
8. 2014 – жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 % нин эсебинен 51,4 мин сом айыл өкмөтүнүн резервдик фонду бөлүп түзүлүп, айыл өкмөттүн тескөөсүнө
берилсин.( КРсынын «Бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жөнүндөгү»
Мыйзамынын 21- беренеси).
9. 2014- жылдын бюджетинин киреше, чыгашасы мыйзамдуулуктун негизинде
аткарылуусу, максатсыз жумшоого жол бербоо, казынадан сырткары чыгымдоолорго
тыйуу салуу милдеттери айыл Өкмөтүнүн башчысына жана финансы- экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардын калган суммаларды (недоимкаларды) толук ондуруудо айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлермне катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар корсотулсун.
11. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштуу өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
12. Мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Акматов |