Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 10
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин билим сапаты жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин билим сапаты тууралуу айылдык кеңештин депутаттарынан турган комиссиясынын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI- чакырылышынын XXIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар саясаты, дене-тарбия жана спорт, экология, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Толубаевтин маалыматы эске алынсын.
2. Башталгыч класстардагы билим сапаты бардык мектептерде канаттандырарлык деп табылсын.
3. Д.Садырбаев атындагы орто мектебине орус тили сабагынан жардам керек экендиги белгиленсин.
4. №20-Матмуса атындагы орто мектебинде Химия сабактары начар окутулгандыгы белгиленсин.
5. Начар деп белгиленген предметтер боюнча мектептин окуу бөлүмүнүн башчысына көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
6. №19 А.Казаков атындагы орто мектептин метод кабинетинин жасалгасы алмаштырылсын. Ал эми метод кабинеттин жасалгасын алмаштыруу жагы мектеп директору М.Хажиматовага милдеттендирилсин.
7. Акамбаев башталгыч мектебинин билим сапаты жана тазалыгы жакшы экендиги белгиленсин.
8. III чейректин жыйынтыгы менен Химия, орус тили сабактарынын билим сапаты боюнча кайрадан текшерүү коюлсун.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү ,маданият, жаштар саясаты, дене-тарбия жана спорт, экология, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Толубаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |