Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 11
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы дин маселеси жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Т.Асанбаевтин жана мечиттердин имомдарынын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Т.Асанбаевтин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын эске алып, ата-бабаларыбыздын мурас караты улуттук каада-салт, үрп-адат, нарк-насилдерибизди, элдин жана мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн айыл аймагында ислам дининин тазалыгын камсыз кылуу жагы белгиленсин.
3. Бүргөндү айыл аймагында салтуу эмес диний агымдар, конфессиялар, диний уюм жана коомдордун өкүлдөрү тарабынан өз кызыкчылыктары үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, диний китептерди, аудио-видио материалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана таратууга диний окутууларды уюштурууга кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө элдин, мамлекеттик коопсуздугу үчүн алардын жайылтылышына чектөө укук коргоо органдары тарабынан чектөө коюлсун.
4. Айыл аймагындагы диний иш жүргүзгөн уюмдардын ишмердүүлүктөрү тиешелүү укук коргоо органдары менен биргеликте айыл Өкмөтү тарабынан текшерилсин. Мыйзам бузуулар аныкталган учурларда тийиштүү чараларды көрүү укук коргоо органдарына милдеттендирилсин.
5. Башка жактан дааватка келген адамдардын өздүк документтерин жана жолдомолорунун мөөнөтүн жана максаттарын участкалык милиционер тарабынан имам жана мечит жамааты тарабынан кылдат текшерүүсү билдирилсин. Аныкталган кемчилдиктер же мыйзамсыз иш аракеттер катталса айыл Өкмөткө билдирилсин.
6. Салттуу динди тутунган элдин калың катмарын иренжиткен көрүнүштөргө (Таблиги жамааты, диний кыймылдын мүчөлөрү кийген Пакистан элинин улуттук узун кийими, келбетине жарашпаган сакал ж.б) тыюу салынсын.
Жергиликтүү мечиттердин имамдары жана мечит жамааты тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Ислам динин жамынып бирок намаздын, жергиликтүү мечиттердин диний таланттарына баш ийбеген же КМДБнын уставын бузган учурларга жана элди бөлүп жарууга алып келе турган көрүнүштөргө тыюу салынсын.
8. Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү мыйзамдын 5- бөлүгүнүн 4-беренесине ылайык, ислам дини көптөгөн багыттарга бөлүнгөнүн жана элдин 99% ханафи мазхабында экенин, элдин коопсуздук укугун коргоо маселесин эске алып аймакта мыйзамсыз миссионердик ишмердике тыюу салынсын. Буга батыштан келген ар кандай диний багыттар жана Пакистандык формадагы дават иштери экени эске алынсын.
9. Даватчылардын мечитке түнөөсүнө тыюу салынсын деген аймактын элинин талабы эске алынсын.
10. Мектептерде окуучу кыздардын окууга хиджап кийип барууларына жол берилбесин.
11. Айыл өкмөттүн аймагында баш аламан түрдө мыйзамсыз мечиттер курулуусуна жол берилбесин.
12. Бүргөндү айыл Өкмөтүнө эл арасында тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-пландарды иштеп чыгуу, айыл башчыларды, аксакалдар кеңешин, аялдар кеңешин, жаштар комитетин мечит имамдарын жана коомчулуктун активистерин чогултуп эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
13. Кабыл алынган чечимдин талаптарын тикелей аткаруу жагы айыл Өкмөттүн аймагындагы мечиттердин имамдарына, мечит жамаатына, аксакалдар сотуна, аксакалдар жана аялдар кеңешине, жаштар комитетине, мектеп администрацияларына тапшырылсын.
14. Кабыл алынган чечимдин аткарылышна көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешке калтырылсын.
15. Кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү аксакалдар сотуна, мечит имамдарына, мечит жамаатына аткаруу үчүн берилсин.
16. Кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына маалымат катары жөнөтүлсүн.
Төрага |
К. Осконбаев |