Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 13
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы М-1, М-2 “Достук” насосторунун 2016-жылы жазгы талаа жумуштарында жергиликтүү тургундарды эгин суу менен камсыз кылуусу жөнүндө
Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Шерилаевтин 2016-жылдагы жазгы талаа жумуштарын эгин суу менен камсыз кылуу маалында М-1, М-2 “Достук” насосторунун иштеши жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Шерилаевтин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Өкмөттүн аймагындагы М-1, М-2 “Достук” насосторунун өз убагында ремонттон чыгарылып, жазгы талаа жумуштарына 100% эгин суу менен камсыз болоору тууралуу К.Шералиевтин берген убадасы эске алынсын.
3. Айыл Өкмөттүн аймагындагы М-1, М-2 “Достук” Каналдарын жазгы талаа жумуштарына даярдоо максатында механикалык тазалоо, чаптыруу иштерин өз убагында сапаттуу бүткөрүп пайдаланууга берүү жагы Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Шерилаевтен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |