Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-декабры № 6
Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы № 743-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Достук айылдык кеңешинин сессиясында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Достук айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Осконбаев |