Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 5/2
Айыл ичиндеги «Нарын-Баетов-Казарман» эл аралык маанидеги унаа жолго жасалма дөңсөө(лежащий полицейский) орнотуу боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айыл аймагындагы Учкун, Куланак айылдарындагы жолдун боюнда жайгашкан бала-бакча, окуу мектебинин 43,2; 43,4; 56,1; 55,7; 58,9; чакырымдарына жасалма дөңсөө орнотулсун.
2. Бул токтомго тиешелүү документтерин даярдап беруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Мокеевге жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Осмоналиев |