Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 2
Кара-Коюн айыл аймагынын 2016-жыл үчүн Жайыт комитетине АРИС аркылуу келүүчү грант түрүндө акча каражатын пайдалануу тууралуу талкуулап карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын Жайыт комитетине 2016-жыл үчүн АРИС аркылуу грант түрүндө келүүчү 32 миң АКШ доллары Кара-Булңщ айылынын «Миң-Булак» участкасынан «Артылышты» көздөй 4,6 км жерге жер асты аркылуу труба менен малга жана жайыт жерлери үчүн суу алып келүүгө жумшалсын.
2. Кара-Булуң айылынын «Миң-Булак» участкасынан «Артылышты» көздөй 4,6 км жерге жер асты аркылуу труба менен малга жана жайыт жерлери үчүн суу алып келүүгө карата тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасынын орун басары Ш.Апысовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго жана жайыт комитетинин төрагасы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага |
М. Карагулов |