Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз- Ата айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги он сегизинчи сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 18-14
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылына караштуу “Ой” жана “Токмок-Булак” участкасына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылына караштуу “Ой” жана “Токмок-Булак” участкасына “Бөпөмай” балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2015-жылдын 10-февралындагы чогулушунун жана туруктуу комиссиясиянын чечими менен таанышып, айылдык кененшитн сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылына караштуу “Ой” жана “Токмок-Булак” участкасына “Бөпөмай” балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаныдан ачылган “Бөпөмай” балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, имараттын ээси менен келишим түзүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасын каржылоону республикалдык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Турдуев |