Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 19-1
Кыргыз-Ата айыл аймагында саясий партиялардын жыйындарын өткөрүү үчүн атайын жай көрсөтүү жана жыйын өткөрүлүүчү муниципалдык менчиктеги жер аянтчаларына ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгон саясий партиялардын эл менен жолугушуу үчүн жыйындарды өткөрүүгө айыл аймагында атайын жыйын өткөрүүчү жайларды көрсөтүп берүү жана алардын ижара акысын бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясында карап чыгып жана сессияда талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгон саясий партиялардын эл менен жолугушуу үчүн жыйындарды өткөрүүгө айыл аймагында төмөнкү жыйын өткөрүлүүчү атайын жайлар көрсөтүлсүн :
- Кыргыз-Ата айылынын айылдык клубунун алдындагы бош аянтча:
- Ак-Булак айылындагы С.Токторов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасы ;
- Көтөрмө айылынын борборундагы муниципалдык менчиктеги
- Борко айылынын айылдык клубунун алдындагы бош аянтча ;
- Кара-Кой айылындагы Курак-Тектир орто мектебинин алдындагы аянтча.
2. Бардык саясий партиялар үчүн жыйындар өткөрүлүүчү муниципалдык менчиктеги муниципалдык менчиктеги жер аянттарына ижара акысы ар бир жыйын үчүн 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Эл менен жолугушуу өткөрүлүүчү жайларга керектүү шарттарды түзүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |