Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 1
"Боо-Терек айылындагы № 9 ҮДТнун бир имаратын оңдоп, бала-бакча ачып берүү жөнүндө"
Боо-Терек айылынын тургуну Алтымышева Сүйүндүн жана айылдын 71 тургундарынын атынан жазылган «Боо-Терек айылындагы № 9 ҮДТнун бир имаратын оңдоп, бала-бакча ачып берүү жөнүндө» арызын талкуулап, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Боо-Терек айылындагы №9 ҮДТнун бир имаратын оңдоп, бала-бакча ачып берүү жөнүндө» бардык уруксат (санэпидемстанциясынан ж. у. с.) документтери толук көргөзүлүп, кийинки кезексиз сессияга сунушталсын.
2. «Боо-Терек айылындагы №9 ҮДТнун бир имаратын ондоп, бала- бакча ачып берүү жөнүндө» бардык уруксат (санэпидемстанциясынан ж. у. с.) документтерин, кийинки кезексиз сессияга даярдап келүү жагы Алтымышева Сүйүнгө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терекайылдык округунун,XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынчабашкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |