Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 2
"Боо-Терек айылынын тургуну Супатаева Зулумбүнүн «Ч. Сатаев» көчөсүндөгү менчик ашканасынын бир жак бетине турак-жай үй куруу үчүн мурдагы ген. планына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө"
Боо-Терек айылынын тургуну Супатаева Зулумбүнүн «Ч. Сатаев» көчөсүндөгү менчик ашканасынын бир жак бетине турак-жай үй куруу үчүн мурдагы ген. планына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө" арызын жана Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты Э. Бейшебаевдин сунушун талкуулап, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Супатаева Зулумбү, «Ч. Сатаев» көчөсүндөгү менчик ашканасынын бир жак бетине турак-жай үй куруу үчүн мурдагы ген. планына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө сунуштама катын Бакай-Ата райондук Мам. каттоо башкармалыгынан алып келсин.
2. Супатаева Зулумбунун «Ч. Сатаев» көчөсүндөгү менчик ашканасынын бир жак бетине турак-жай үй куруу үчүн мурдагы ген. планына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө сунуштама каты Бакай-Ата райондук Мам. каттоо башкармалыгынан алып келингенден кийин, кийинки кезексиз сессияда талкуулансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терекайылдык округунун,XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |