Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 3
"Боо-Терек айыл округунун «Дрен» 416-контурунун огороддорго кетүүчү жолдордун үч жерине көпүрө салып берүү жөнүндө"
Боо-Терек айылынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын «Дрен» 416-контурунун огороддорго кетүүчү жолдордун үч жерине көпүрө салып берүү жөнүндө" арызын жана Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты У. Барпыбековдун сунушун талкуулап, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. «Дрен» 416-контурунун огороддорго кетүүчү жолдордун үч жерине көпүрө салып берүү үчүн, канча каражат кетери жөнүндө сметасын жана суммасын чыгарып келүү жагы Саткыналиев Сүйүналыга тапшырылсын.
2. «Дрен» 416-контурунун огороддорго кетүүчү жолдордун үч жерине көпүрө салып берүү үчүн, канча каражат кетери жөнүндө сметасын жана суммасын Саткыналиев Сүйүналы алып келингенден кийин, кийинки кезексиз сессияда талкуулансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |