Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 4
"Боо-Терек айылынын «Кош-Арык» жамаатынын арызы жөнүндө"
Боо-Терек айылынын «Кош-Арык» жамаатынын «Электрэнергиясын колдонуш үчүн бир Т-63 КВ трансформаторун сатып алууга 80 000 сом бөлүп берүү» жөнүндөгү» арызын талкуулап, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кош-Арык» жамаатынын «Электрэнергиясын колдонуш үчүн бир Т-63 КВ трансформаторун сатып алууга, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилбесин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |